Спикер өкмөт мүчөлөрүн Жогорку Кеңешке кийип келген кийимдери үчүн сындады

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөт мүчөлөрүн жыйынга кийип келген кийимдери үчүн сындады.

"Жогорку Кеңеште дресс-код, этика, регламент деген бар. Бул жерде түз эфир жүрүп, кыргыз эли көрүп жатат. Булар өздөрүнүн кабинетинде ушинтип отурсун. Бизде тартип деген бар", - деди Жумабеков.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Исламбек Мойдинов: "Сиз айткан сынды туура кабыл алабыз. Мындан кийин кайталанбайт. Жогорку Кеңешке дресс-код, тартип менен киребиз. Кечирим сурайбыз", - деди.

Учурда жыйында "Кооперативдер жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан