7-июлда Казакстандын Астана шаарында “Астана Кубогу-2013” Эл аралык КВН мелдеши болот. Ага Кыргызстандын атынан “Тамашоу” курама командасы катышмакчы. Мындан сырткары Астананын Кубогу үчүн КВН Эл аралык союзунун Жогорку Лигасында ойногон “Раисы” (Иркутск), “Парапапарам” (Москва), "Камызяк" курама командалары жана КВН Орто Азия Лигасы оюн көрсөткөн “ВКЛючайся” курама командасы да ат салышат. Оюнду Александр Масляков (кичүүсү) алып барат. Эске салсак, “Тамашоу” курама командасы быйыл алгачкы ирет Эл аралык КВН мелдешинин Премьер-лигасында ойноп, жарым финалга чейин жетишкен.