32 жаштагы "Британия сулуусунун" жансыз денеси өз үйүнөн табылды

Британиялык актриса, "Британия сулуусу-2010" таажысынын ээси, "Сүйүү аралы" реалити-шоусунун жылдызы Софи Градондун жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, маркумдун денеси өзү жашаган үйдөн табылганын анын сүйүктүүсү Аарон Армстронг тастыктаган. Ал болгону 32 жашта болгон. Азырынча Софи Градондун өлүмүнүн себептери иликтенүүдө.

Софи Градон 2008-жылы "Ньюкасл сулуусу", 2010-жылы "Британия сулуусу" наамдарын жеңип алган. Ушундан кийин анын моделдик карьерасына жол ачылып, ич кийимдерди жарнамалай баштаган. 2016-жылы "Сүйүү аралы" реалити-шоусуна катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
evidens
2018-06-21 22:48:09
Бугун барсын,эртен жок,..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан