Кыргыздын Дубайдагы башкы консулдугу: "Жаналиев сүрөттөрү сатылбай калганда достук жана биримдик үчүн ханзаадага белек кылууну өзү өтүнгөн"

Кыргыз Республикасынын Дубайдагы башкы консулдугунун жамаатын сүрөтчү Азамат Жаналиевдин фактыларды бурмалап, кыргыз коомчулугун башка ойго түртүү үчүн көргөн аракеттери абдан таң калтырып, капа кылды. Мындай билдирүүнү аталган мекемеден SUPER.KG порталына кабарлашты.

Буга чейин Жаналиевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазганы маалымдалган. Өзүнүн арызында сүрөтчү 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан. Мындан тышкары Дубайдагы башкы консул Айбек Маматбековдун да аты аталган. Жаналиев Дубайга коллекциялык үч сүрөтүн таштап келгенин, кийин аны консулдан Илмиянов алып ханзаада Хамданга өзүнүн долбоорунун негизинде бергенин айткан.

Бул боюнча башкы консулдук: "Өлкөнүн Дубайдагы башкы консулдугу мамлекетти спорт, маданият жана башка тармакта көрсөткөн мекендештерди ар дайым ак ниети менен колдоп келген. Ал эми сүрөтчү Жаналиевге байланышкан абалды ала турган болсок, өткөн жылдын май айында ал Дубайда жүрүп, сүрөттөрүн сата албай калган. Сактаганга жай жок болуп, сүрөттөрүнүн сапаты кетпесин деп консулдук жардам колун сунуп, сактоого жай табылган.

Ошол эле учурда Бириккен Араб Эмираттарында жашап жаткан бардык мекендештер менен кошо консулдуктун да өкүлдөрү Жаналиевдин достук жана биримдик үчүн БАЭнин башчысына өз сүрөттөрүмдү тартуулайм дегенин сыймыктануу менен кабыл алганбыз. Сүрөтчү өзү Башкы консулдукка кайрылып, сүрөттөрүн Дубай эмиратынын жетекчисине жеткирүүгө көмөктөшүүнү өтүнгөн. Мекендешибиздин суранычын четке какпай, эмират жетекчилигинин катуу тартибине карабай биздин мекеме өкүлдөрү аны берүү аракеттерин токтоткон эмес. Анда биз сүрөтчүнүн 8 айлык эмгегин эске алып, өтүнүчүн четке каккан эмеспиз.
Өткөн жылдын декабрь айында Дубай эмиратынын жетекчилигинин кеңсеси менен жеке байланышып, ошол эле учурда Илмияновдун байланыштарынын артында Жаналиевдин сүрөттөрүн эмираттын башчысына жөнөтүүгө мүмкүн болду. Анда Азамат Жаналиев сүрөттү белек катары берип жатат деген каты кошо тиркелген", - деп билдирет.
Ошондой эле билдирүүдө башкы консулдук Кыргыз мамлекетинин дипломатиялык кызматынын түзүмү катары бир дагы коммерциялык иштерге аралашпай тургандыгын айтат. Жаналиевдин сүрөттөрүнө да эч кандай тиешеси жок деп белгиленген. Консулдук сүрөтчүнү Бириккен Араб Эмираттарына буга чейин билдирген жакшы ниеттерин сактап калууга, кыргыз-араб мамилелерине зыян тийгизбөөгө чакырарын кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bond02
2018-06-21 21:41:28
Эми уят эле болбодунбу жигит.
+16
Tokmokchu-1
2018-06-21 22:13:51
Башында эле айттым го, бул жигиттин айткандары кыпкызыл калпка окшоп турат деп... Акчанын артынан тушуп, ал учун калп айтуудан тартынбаган бири окшойт...

Мени Дубайдын шейхи Хамдан атайы чакырды деп жатпады беле жанын жеп... Негизи бир суротчу учураганы келиптир десе эле "киргиз" деген башкаруучулар жок болсо керек эле Дубайда...

Кыскасы ошол баланын озуно кылмыш ишин козгош керек экен за клевету...

Муну менен сыймыктангандар, козунорду ачкыла..
+12
Tolkun555
2018-06-21 22:16:06
Уят кайсы жерде пул кобуроок болсо ошолордун суротун жасоо менен алектенип журдун.озундун абийиринди чакалап тогуп алдын го жигит.аман эле боло.
+13
Tolkun555
2018-06-21 22:33:24
Эми суротунду бекер берсен да эч ким албаса керек
+14
zhaku2017
2018-06-21 22:36:32
Атамбаевди ар кайсы ыкмалар менен жаман корсоткулору келип жатышат. Эки жуздуу ушакчылар, саткындар жана Сокенин кошоматчылары кылып жатышат. Кошоматчылык бар жерде, чындык болбойт. Сотко берип компенсация толоп беришсин, жалган жалаа учун
-5
Jelezo
2018-06-21 23:15:02
Уят акчанын кулу турбайсыңбы
+10
Kg-samsung
2018-06-22 00:49:55
Бул бала акчасы коптордун суротун тартып акча умут кылып эле басып журот. Рамзандын суротун тартып озгочо конул бурсун жеген ой менен велосипед менен барганда чеченстандын ити да кабыл албай койгон. Бул бала звезда оорусу менен ооруйт окшойт чыпалак баатырга окшоп. Алган 2500 долларды кайтарып бергин да суротторуну алып кеткин.
+10
love.me.again
2018-06-22 01:36:57
Атам Байдын суротун бекер берсенер деле эч Ким албайтго Эми. Жон эле мыктарын сууруп алып отко жагып салгыла отун кылып)
+10
tina-Tin
2018-06-22 09:05:17
Моменттен пайдаланып калайын деген экенда жигит.
+2
tnz
2018-06-22 10:05:24
оо булар эч кимди жыргат эмес экенго ыя.
0
izdeim_seni
2018-06-22 13:33:33
Эмнеге карапайым адамдардын сүрөтүн тартпайт? Акчанын артынан сая түшкөн жигит окшойт. Талантты акча менен баалабаш керек. Элдин баасынан өтөр баа жок таланттуу инсан үчүн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан