Парламентте жогорку окуу жайда келишимдик негизде билим алгандарга жеңилдетилген насыя берүүгө багытталган мыйзам жактырылды

Кечээ, 21-июнда парламентте жогорку окуу жайларда келишимдик негизде билим алган студенттерге жеңилдетилген насыя берүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

КСДП фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекованын айтымында, жогорку окуу жайларда келишимдик бөлүмдө окуй турган жаштарга жеңилдетилген насыя берүү жана аны кайтарууну жогорку билим алгандан кийинки мезгилге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү максаты коюлган.

"Бул долбоор студенттерге жеӊилдетилген негизде жогорку билим алууга мүмкүнчүлүк берүү менен эле чектелбейт. Стимул берүүнүн бүтүндөй бир системин түзөт. Анда жаштар жогорку билим жөнүндө диплом алууга эле умтулбастан, аӊ сезимдүү түрдө өз өлкөсүндөгү мыкты жогорку окуу жайларды тандайт, ушуну менен жогорку окуу жайлардын сапатына карата талаптарды жогорулатат. Ошону менен катар ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатынын да жогорулашын шарттайт. Студенттерге насыялар кантип берилери боюнча мыйзам алдындагы актылары иштелип чыгат. Келишимдик төлөмгө насыя алып окуган студент менен окуусун бүткөндөн кийин чектелген жерге барып иштөөсү боюнча тиешелүү келишим түзүлмөкчү", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан