Президент Кыргыз жарандарынын, конокторунун коомдук жайларда жана курорттук аймактарда коопсуздугун камсыздоо керектигин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Бул тууралуу кечээ, 21-июнда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн ички иштер органдарынын ишмердиги жана жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 8-февралында өткөн коопсуздук кеңешинин чечимин өз учурунда аткаруу зарылдыгын белгилеп, ыкчам иш жүргүзүү жана иликтөө ишинин айрым багыттары боюнча кемчиликтерге көңүл бурду. Мамлекет башчысы коррупция менен күрөшүү боюнча жумушту айрыкча ички иштер органдарында күчөтүү, көчө кылмыштарынын алдын алуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин бекемдөө боюнча иштерди жандандыруу, республиканын жарандарынын, конокторунун коомдук жайларда жана курорттук аймактарда коопсуздугун камсыздоо керектигин белгиледи.

Кашкар Жунушалиев мамлекет башчысына өзүнүн Москва шаарына барып, эки өлкөнүн мекемелеринин ортосунда кызматташуунун кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулоо үчүн Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушканын маалымдады. Министр ошону менен бирге Москва шаарында Кыргыз таксисттин катышуусу менен болгон жол кырсыгынын айланасындагы азыркы кырдаал тууралуу айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyzburak87
2018-06-22 12:49:12
Жээнбеков эшектин тушосун да чечпейт

-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан