Түндүк Корея жарым кылым мурун каза болгон 200 аскердин сөөгүн АКШга жөнөттү

Түндүк Корея жарым кылым мурун корей жарым аралындагы согушта каза болгон 200 америкалык жоокердин сөөгүн АКШга жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, АКШ президенти Дональд Трамп Миннесотада өткөн жыйында сүйлөп жатып, каза болгондордун ким экендиги аныктала турганын айткан.

Буга чейин каза болгон жоокерлердин сөөгү Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга жиберилип, андан ары АКШнын аба базасына жеткирилери маалымдалган.

Эксперттердин айтымында, сөөктөрдүн өздүгүн аныктоо жумушу бир нече жылга созулушу мүмкүн.

Америкалык басылмалардын жазганы боюнча, 1950-жылдан 1953-жылга чейинки Корей жарым аралындагы согуштан 35 миңден ашык америкалык аскер каза болуп, 8 миңге жакыны дайынсыз жоголгон.

Айта кетсек, 12-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу болгон. Жолугушуудан кийин Түндүк Корея өзөктүк куралдан биротоло баш тартуу үчүн бардык күчүн жумшай турганы айтылган. Ал эми АКШ бул иште Пхеньянга колдоо көрсөтүп, бул мамлекеттин коопсуздук кепилдиктерин моюнга алууга убада бергени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан