Сеулда Кыргыздын балы, жаңагы жана гиласы көңүл борборунда. Түштүк Кореянын компаниялары жакын арада Кыргыз жергесине келүүгө дилгир

Түштүк Кореядагы Кыргыз элчилиги Кыргыз Республикасынын инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги менен биргеликте "Import Goods Fair" эл аралык көргөзмөгө кыргыз компанияларынын катышуусун уюштурду. Бул тууралуу аталган элчилик билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 21-23-июнь күндөрү Сеул шаарында өтүүдө. Анын ачылышына 30дан ашуун дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары жана 100дөн ашуун эл аралык компаниялардын өкүлдөрү катышты. Кыргыз өлкөсүнүн атынан элчи Кылычбек Султан жана "Аман-Гринфуд", "Вариант", "Айсулуу" кыргыз компаниялары катышты.

"Биздин компаниялар алгачкы жолу улуттук продукциялар жана суусундуктарды кеңири ассортиментте сунушташты. Алардын арасында бал, жаңак, мөмө-жемиштердин кактары, гилас жана "Кыргызстан" бренддик коньягы болду. Кыргыз азык-түлүктөрү корей компанияларынын жана жалпы көргөзмөгө келген коноктордун көңүлүн бура алды. В2В жолугушуусунда кореялык компаниялар Кыргыз Республикасына келип, өлкөнүн рыногун изилдеп, Кореяга азык-түлүк ташуу жагын талкуулоо дилгирлигин айтышты.

Тилекке каршы, көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүккө карабай Кыргыз Республикасынын туристтик компаниялары эл аралык "Import Goods Fair" көргөзмөсүнө катышкан жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Hacker99
2018-06-22 11:32:13
Ооба ушинтип Кыргызстанга инвесторлорду тарткыла, элди да аралаштыргыла себеби элден чыккан момо-жемиштер, жашылчалар ж.б. накта свежий чыгат. Элге да, мамлекетке да зор салым болор эле
0
omuke8993
2018-06-22 21:30:45
Супер кечиресиздер жанагы эмес жангагы болсо керек э?
+1
reach
2018-06-22 23:33:55
Бренд коньяк деп эле жазылат го дейм? Брендовый дегенди которгондогубуз эмнспи
0
sanzhar83
2018-06-24 03:51:20
Жана дагы "талкулоого дилгир экендигин айтышты" болуп жазылат Жана айтылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан