Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин иштери көзөмөлгө алынышы керек. Мындай пикирин бүгүн, 22-июнда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, аталган орган кээде өзүнө тийиштүү эмес болгон иштер менен да алектенүүдө.
"Биз Жогорку Кеңеште коопсуздук кызматын көзөмөлдөй турган дагы бир комитет түзүүнү демилгелеп жатабыз. Азыр мындай багытта 2 комитет иштеп жатат. Жаңы комитет УКМКнын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турат. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп алар кандай иштерди аткарып жатканын билбейм. Бул комитет түзүлсө коомчулукта ачыктык болот эле. Бул комитеттин мүчөлөрү маалыматты сыртка чыгарбоого милдеттендирилет", - деди Масалиев.
Анын айтымында, аталган демилге жакында Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул демилге ишке ашса парламентте 10-комитет түзүлөт. Аталган демилге коомдук талкууга коюлган. Учурда бул боюнча тегерек стол өтүүдө.