Коопсуздук кеңеши: "УКМКны көзөмөлдөөчү жаңы комитет түзүү шарт эмес"

УКМКны көзөмөлдөөчү жаңы комитет түзүү шарт эмес. Мындай пикирин бүгүн, 22-июнда Коопсуздук кеңешинин өкүлү Жогорку Кеңештин көзөмөлдөөчү кызматына арналган тегерек столдо айтты.

Тегерек столдун катышуучулары депутаттар тарабынан сунушталган демилгени талкуулашууда. Аталган демилгеге ылайык, Жогорку Кеңеште УКМКнын ишин көзөмөлдөөчү комитет түзүү сунушталып жатат.

Депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңеште аталган багытта 2 комитет болгону менен УКМКны көзөмөлдөөчү өзүнчө комитет керек деген пикирде. "Жогорку Кеңеште мурда ондон ашык комитет бар эле. Аны кыскартып 9га түшүрдүк. Бирок биз демилгелеген комитет учурда керек", - деди ал.

Депутат Исхак Масалиев аталган комитет түзүлсө Жогорку Кеңештин таасири күчөп, парламентаризмдин өнүгүшүнө салым кошорун айтты.

Аталган демилге боюнча Коопсуздук кеңешинин өкүлү да өз пикирин билдирди. "Демилгечилер өлкөдөгү коопсуздук тармагын, ошонун ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин көзөмөлдөөчү жаңы комитет түзүүнү сунушташууда. Аталган милдетти Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине ыйгаруу туура. Жаңы комитет түзүү учурда максатуу эмес деп ойлойбуз", - деди Коопсуздук кеңешинин өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
asman.81
2018-06-22 12:07:49
Оа карга карганын козун чукуйт беле?
0
zhaku2017
2018-06-22 12:45:18
Депутаттар оздоруно карап жатышат. УКМКны президенттен тартып алгылары келип жатышат. Эгер ошондой болуп калса, анда УКМК депуттарга да баш ийип калат. Анда депутаттар каалаганын кыла беришет.
+1
Tokmokchu-1
2018-06-22 13:05:34
Депутаттар анык эле акылынан адашып калышты....

Ансыз да Жогорку Кенешке келип алып билген ..... жеп жатышат. Кааласа монгулорду талкалоого жол берген мыйзамды колдошот. Кааласа 13 мин гектар жерди трансформация кылабыз деп чыгышат коррупцияга жол ачып (оздору коррупцияга чыйыр салып отурса, пара алып)...

Анан кайдагы парламентизди айтат, элдин конулу кок чайдай калып турса, депутат аттууну короорго козу жок...

Исхак Масалиев атасын тартпаганы окунучтуу...
+2
jbolotov
2018-06-22 18:50:20
Азыркы шартта УКМКнын озунун кереги жок болуп атат, эгер УКМК эч кимге коз карандысыз болуп улуттук коопсуздукту ойлогондо мурда эле Атамбаевдин келишимдерине каршы чыгыш керек болчу, бул коз каранды кызмат президенттин жеке камчысы болуп эле келатат,анда иштегендер бири бирине кыйын болгондон башка кызматыделе кыйратбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан