Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешине кайрадан төрага болуп шайланды

Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешине кайрадан төрага болуп шайланды. Бул тууралуу байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, добуш берүүгө 14 мүчө катышкан. Анын он экиси "макул", бирөөсү "каршы" деп добуш беришти. Ал эми бир бюллетень жараксыз болуп чыккан.

Эске салсак, былтыр апрель айында Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу кеңешинин курамы бекитилип, майда Жыпар Жекшеевди төрага кылып шайлашкан. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү 5 жылга шайланат.

Жекшеев 1947-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Ал 1971-жылы Көркөм сүрөт училищесинде билим алган. Андан соң 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуп, 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде билимин уланткан.

Эмгек жолу:

1971-1979-жылдары сүрөтчү, Ысык-Көл облусундагы "Көркөм сүрөт" фондунун директору;

1993-жылы "Кыргызстандын демократиялык кыймылы" саясий партиясынын төрагасы;

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2005-жылы Бишкек шаарындагы жана анын тегерегиндеги жер басып алуучулукту токтотуу максатында түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munar1980
2018-06-22 18:30:55
Ушул убакытка чейин торага болуп иштеген эч бир жылыш болбоду КТР бир тараптуу маалымат берип жатканда Байкоочу кенеш не жумуш аткарды ? Калыс созун айтыш керек эле Акты Ак деп Караны Кара деп бирок мен ал нерсени байкабадым.
0
kutlibek
2018-06-24 11:48:39
Иштебегенден кийин эмне кылат деймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан