Түркиялык ырчы Хажер Түлү түнкү клубдардын биринде чыккан ок атышуудан улам каза болду

Түркиялык белгилүү ырчы Хажер Түлү түнкү клубдардын биринде чыккан ок атышуудан улам каза болду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, окуя Бодрум шаарындагы "Medusa" түнкү клубунда орун алган. Анда белгисиз 4 адам клубга кирип, эс алып жаткандарга карата ок чыгарган. Натыйжада 40 жаштагы ырчы Хажер Түлү жана клубдун жетекчиси каза болгон. Мындан тышкары 4 адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Полиция кызматкерлери эс алуучу жайдагы видеобайкоонун жардамы менен кылмышка шектүүлөрдү колго түшүргөн. Учурда ок чыгаргандар камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baian
2018-06-22 18:31:08
40 жаштагы кемпир клубда бышырып коюптурбу
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан