Өлкөдө жаш активисттердин демилгеси менен "Манас" эпосу боюнча мобилдик тиркеме иштелип чыгууда. Бул тууралуу "Нарк" долбоорунун жетекчиси Айбек Байымбетов SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, бул демилге февраль айынан бери иштелип келүүдө, анын максаты кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жаштар арасында жайылтуу болуп саналат.
“Нарк долбоору эки бөлүктөн турат, анын бири мобилдик тиркеме болчу. Биз тиркеменин мазмуну, идеясы тууралуу ойлонуп отуруп "Манас" эпосуна токтолдук. Тиркемеге Саякбай Каралаевдин айтуусу боюнча “Манас” эпосундагы "Көкөтөйдүн ашы", "Чоң казат" жана "Каныкейдин Тайторуну чабышы” деген ири үч эпизодду киргизип жатабыз. Анда аудиодон сырткары окуялардын чечмелениши, географиясы, каармандар тууралуу маалымат да камтылат. Тиркеме күз мезгилинде колдонууга берилет. Аны колдонуучулар App Store жана Play Market интернет магазининен акысыз көчүрүп алса болот.
Мындан сырткары бүгүн, 22-июнда бул долбоорго байланыштуу 3 күнгө созулган форум башталат. Ага манасчылар, философтор, тарыхчылар, программисттер, окумуштуулар жана долбоордун демилгечилери катышат", - деди Байымбетов.
Бул саамалык “Ак шумкар кут” коомдук бирикмесинин демилгеси менен ишке ашууда, ага “Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту” коомдук фонду колдоо көрсөтүп жатканы айтылат.