Ош шаарында апасы жаздык менен тумчуктурган делген 1 жаштагы баланын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, бала учурда Ош шаардык эне жана баланы коргоо реабилитациялык борборунда каралууда.
"Апасы тумчуктурду деп айтып жатышат, бирок баланын абалында андай белгилер жок, балким арачага түшкөндөр өз кезинде байкап, балага зыян келбегендир.
Ал эми келин жөнүндө айта турган болсок, ал баланы никесиз төрөгөн. Мындан улам өзүнүн үйүндөгүлөр менен пикир келишпестиктер жаралып, үйүнөн чыгып кеткен. Биздин мекеме тарабынан реабилитациялык борборго жайгаштырылган. Кийин ата-энеси келип, күйөөгө беребиз деп алып кетишкен. Бирок кайра үйүндөгү жаңжалдан улам үйүнөн чыгып кеткен. Социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери келинди баласы менен "Ак жүрөк" кризистик борборуна жайгаштырган. Ал жердеги кызматкерлердин жардамы менен келин бала бакчага бала багуучу болуп жумушка кирген. Ошол жерде иштеп, баласын карап жүргөн. Эмнеге мындай аракетке барганын түшүнбөй калдык.
Ата-энеси "биздин мындай кызыбыз жок" деп келинден да, небересинен да баш тартып жатышат. Учурда тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен эне-баланын алдыдагы жашоосу кандай болорун чечебиз", - дейт Раева.
Эске салсак, буга чейин Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде келин баласын жаздык менен тумчуктуруп жатканда аны көрүп калгандар өлүмдүн алдын алып калышканы маалымдалган.