Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев: "Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүлсө, эл накта коррупцияга каршы күрөш башталганына ишенет"

SUPER.KG порталынын "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген соболуна саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал азыркы президент келгенден бери бир топ кызматкерлер камакка алынып жатканын белгиледи. "Ар кайсы басылмалар, саясий партиялар азыркы учурда "эч кандай коррупцияга каршы күрөшүү болгон жок, жалган жалаа жабылды" дегендей сөздөрдү айтып жатышат. Биздин көз карашта алардын ойлору туура эмес. Себеби мурдагы премьер-министр Сапар Исаков КСДП төрагасынын орун басары болгону менен чоң чуулгандуу маселелер боюнча кылмыш иши козголгонун баарыбыз көрүп турабыз. Оор кылмыш кылган адамдарды камакка албай коюу бийликтегилердин алар менен кызматташып кеткендигине алып барышы мүмкүн. Булар саясий багытына жараша эмес, кылмыш жасаганы үчүн камакка алынып жатат.

Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев мурда премьер-министр болгону менен эч бир партияга тиешеси жок. Бир дагы саясий партияга тиешеси болбосо, бул киши бийликтин же башка жогорку органдарга сын-пикир айтпаса, анын камалышын саясий куугунтук деп айтууга болбойт. Камалып жаткан адамдардын баары КСДПдан болуп жаткандыгы саясий куугунтук деп эсептөөгө болбойт. Анткени КСДП бийликтин партиясы катарында турат. КСДПнын төрагасы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүндө ал мамлекет башчы болуп турганда ага баш ийген адамдардын кылган кылмыштарынын бардыгы жеке анын буйругу менен жана аны менен макулдашылып жасалгандыгы айтылган. Бул чоң далил болуп турат. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин жоопкерчилиги жөнүндө маселе көтөрүлсө, элдин баары накта коррупцияга каршы күрөш башталды деп ишенет эле", - деди Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, Зарылбек Рысалиев, Тазабек Икрамов, Анвар Артыков, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан