SUPER.KG порталынын "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жооп берди.
Анын айтымында, учурда чын эле коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. "Саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын тергөө бүткөндөн кийин сот гана чечип, чекит коёт. Менимче, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканын баары эле көрүп турат. Мен билгенден жакында камакка алынган экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев партияда иштеген эмес. Учурда ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча эле иш алып барылууда", - деди Баатырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Ирина Карамушкина, Зарылбек Рысалиев, Анвар Артыков, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев жана саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкү шилтемеде.