SUPER.KG порталынын "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиевдин жооп берди.
Анын айтымында, үстүдө калкып турган коррупционерлердин бардыгы камалып жатат. "Элдин оозунда жүргөн коррупционерлер камалууда. Ошолордун күнөөсү далилденип, күзүндө сотто алардын күнөөсү аныкталса, бул коррупцияга каршы күрөш экенине ишенебиз. Бүгүнкү күндө тергөө иштери болуп жатат. Бул дагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн белгиси", - деди Рысалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, Тазабек Икрамов, Анвар Артыков, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкү шилтемеде.