SUPER.KG порталынын "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков жооп берди.
Артыков июнь айында камалган саясатчылар боюнча саясий куугунтук деп айтканга негиз көрбөй жатканын айтты. "Бул боюнча тийиштүү органдар карап чыгат. Бийлик коррупцияга каршы күрөшүп жатат. Саясий куугунтук болууда" дегенден алысмын. Коомчулуктун көпчүлүгү бийликтин коррупция менен күрөшүп жатканын колдоодо", - деди Артыков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, Зарылбек Рысалиев, Тазабек Икрамов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкү шилтемеде.