SUPER.KG порталынын "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина жооп берди.
Ал бийлик элди коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына 5 жол менен ишендире ала турганын айтты.
"Биринчиден, коррупциялык иштер боюнча бардык соттук отурумдар түз эфирде көрсөтүлүшү керек. Эл тергөө кандай жүргөнүн жана сот кандай чечим чырганын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.
Экинчиден, жетекчилик кызматтарга адамдар тааныш, туугандык же кайсы бир партияга мүчөлүгүнө карап эмес, Мамлекеттик кадр кызматынын талабына ылайык билими жогору таза кадрлар дайындалышы керек.
Үчүнчүдөн, ар бир чоң аймакта жарандар коррупциялык фактылар тууралуу айта ала турган ишеним телефондору болуш керек, бирок арыздануучу жалган маалымат айтса, ал жоопко тартылыш керек.
Төртүнчүдөн, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Каржылык чалгындоо кызматы, мамлекеттик көзөмөлдөө менен түз эфирлер жүргүзүлүп турушу зарыл. Мындан тышкары коррупциянын алдын алуу боюнча мыйзамдар түшүндүрүлүш керек, анткени жарандардын көбү пара сунуштаганы аларды эмне күтөрүн билишпейт.
Бешинчиден, элдик көзөмөлдөө Коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте бардык мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын туугандарынын бизнес мүлктөрүн жана турак жайларын текшериши керек", - деди Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Зарылбек Рысалиев, Тазабек Икрамов, Анвар Артыков, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкү шилтемеде.