Түштүк Корея менен Түндүк Корея эки өлкөдө жашап калган туугандарды жолуктуруу тууралуу макулдашышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка караганда, туугандардын жолугушуусу 20-26-августтарга болжолдонууда. Жолугушууга эки тараптан тең жүздөн үй-бүлө катталат. Мындан сырткары эки тарап жолугуша турган үй-бүлөлөрдүн туугандарын издөөнү 3-июлга чейин жүргүзөт. 4-августка чейин жолугушууга келе турган адамдардын аты-жөнүн тактоо иштери аяктайт.
Акыркы жолу мындай иш-чара 2015-жылы өткөрүлгөн. Андан кийин эки тараптын мамилесинин начарлашына байланыштуу токтоп калган. 27-апрелде Корея элдик демократиялык республикасынын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин эки өлкөнүн чек арасында жолугушуу өткөрүшкөн. Анда 1950-53-жылдардагы согушта бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдү бириктирүү тууралуу кеп козголгон.