Путин президент болушуна себепчи болгон Ельциндин күйөө баласын өзүнө кеңешчи кылып дайындады

Юмашев жубайы Дьяченко мененОрусиянын президенти Владимир Путин Валентин Юмашевди өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар президенттик администрацияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, ал Орусиянын биринчи президенти болгон Борис Ельциндин күйөө баласы.

"Путин Юмашевди коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады. Орусия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Юмашев 18 жылдан бери эле кеңешчилик милдетти аткарып келген. Бирок бул маалымат расмий жарыяланган эмес. Ал Борис Ельциндин кызы Татьяна Дьяченкого үйлөнгөн", - деп жазышууда басылмалар.

Ошондой эле Юмашев 1997-1998-жылдары Ельциндин президенттик администрациясын жетектеген. Коомчулукка журналист катары да белгилүү.

Эске салсак, Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин Путинди 1998-жылы Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору, 1999-жылы Коопсуздук Кеңешинин катчысы кылып дайындайт. Путин 1999-жылы августта Орусиянын өкмөт башчысы жана Ельциндин мураскери катары коомчулукка жарыяланат. 1999-жылдын 31-декабрында президент Борис Ельцин мураскери Владимир Путинге өлкө башчынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берет. Ал эми 2000-жылдын мартында биринчи жолу Орусиянын президенти болуп эл тарабынан шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан