Меркелдин доору бүттүбү? Германиялыктардын жарымы канцлер отставкага кетиши керек деген пикирде

Германияда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында көпчүлүк жарандар канцлер Ангела Меркелдин отставкага кетиши керек деген пикирин билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, мындай сурамжылоону "YouGov" аттуу эл аралык изилдөө компаниясы өткөргөн.

"Сурамжылоого катышкандардын 43 пайызы Меркель отставкага кетиши керек дейт. Ал эми 42 пайызы бул кадам жакшы чечим эмес деген пикирде. Калган 15 пайызы аталган маселе боюнча так жооп бере алышкан жок. Канцлер парламенттеги 2 ири партиянын да колдоосунан ажырай баштады. Акыркы учурларда Меркелдин миграциялык саясатына нааразы болгондордун саны өсүүдө", - деп жазышат басылмалар.

Германиянын канцлерине миграциялык маселеге байланыштуу буга чейин да сындар айтылып келген. Жарандар мигранттардын чоң агымы каптаганына нааразы болушкан. 2015-жылы эле Германияга миллиондон ашык мигрант кирген.

Эске салсак, Меркель ушул жылдын март айында 4-ирет канцлер болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан