Орусияда 3-кабаттан кулаган мекендешибиз Кыргыз дарыгерлерине өткөрүп берилди

Орусияда 3-кабаттан кулап оор жаракат алган мекендешибиз Каныбек Алимжанов Кыргыз дарыгерлерине өткөрүп берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз диаспорасынын өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган адам Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айылынын тургуну. Ал Орусиянын Москва шаарында ширетүүчү болуп иштеп келген.

"Алимжанов 3 баланын атасы. 6-июнда 3-кабаттан кулап, оор жаракат алган. Эки бел омурткасы сынып, ага операция жасалды. Эки буту шал болуп, белден төмөн жагы иштебей калган. Баш сөөгү жарылып, мээсине кан уюган. Оң жак өпкөсү иштебей, адамды бир таанып, бир тааныбай жаткан. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жок экен.

Учурда операция жасалып, өпкөсү калыбына келди, башын да дарылаттык. 22-июнда Кыргыз диаспора активисттери буга чейин Алимжановду дарылап жаткан Орус дарыгери менен жолугушту. Бейтаптын тууган, жердештери менен кеңешип, Орусиядагы "Мурас" медициналык борборунун Кыргыз дарыгерлерине өткөрүп бердик. Учурда дарылануусу улантылууда", - деди диаспора өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aika8985
2018-06-23 15:11:06
Аллахым ботон жерде иштеп жаткан мекендештерибизди боодо кырсыктардан сактасын,мекенибизге аман-эсен иштеп келишсин.
+7
Zamka79
2018-06-23 17:11:49
Аман эсен айыгып кет кудайдан тилеп калам
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан