"Бишкек Парк" соода боборунда өрт чыккан эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, ӨКМга бүгүн саат 13:20лар чамасында аталган соода борборунда өрт чыкканы боюнча маалымат келип түшкөн.
"Биздин атайын топ аталган дарекке барып, эч кандай өрт болбогонун көрүшкөн. Бизге маалымат такталбай келип түшүптүр", - деди ӨКМнын кызматкери.
Анын айтымында, соода борбордун оюн-зоок бөлүгүндө түтүн чыккан, бирок ал өрттөн пайда болгон эмес.