Сузакта тыюу салынганына карабай атайын унаа жалдап бүтүрүү кечесин өткөрүп жүргөн окуучулар кармалды

Сузакта атайын унаа жалдап бүтүрүү кечесин өткөрүп жургөн окуучулар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн тартип бузуусун алдын алуу максатында рейд өткөрүүдө.

"Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери облустун бардык аймактарындагы бүтүрүү кечелеринде ата-энелер, мугалимдер жана ошондой эле бүтүрүүчүлөр менен жер жеринде жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Аталган иш-чаранын максаты жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өтүүдө. Учурда ыкчам чара көрүү отрядынын кызматкелери менен биргеликте атайын блок постор коюлуп, андан сырткары айланып журүүчү мобилдик топтор түзүлүп иш алып барышууда", - деди маалымат катчы.

Бирок буга карабастан Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү А.Базаров атындагы орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү атайын тойго чыгуучу эки автоунааны жалдап "Кара Алма" аттуу эс алуу жайына бара жаткан жеринен кармалганын маалымат катчы билдирди.

"Окуучулар Сафаровка айылынан кармалышты. Учурда райондук билим берүү өкүлдөрү, мектеп жетекчилери, ошондой эле ата энелер чакыртылды", - дейт маалымат катчы.

Эскерте кетсек, быйыл Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүү кечелерине, мектеп жетекчилерине акча чогултуп, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен бирге кафе, ресторанга барууга, унааларды жалдап жаратылышка чыгууга тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
i1urp
2018-06-23 15:49:08
Жон эле коюшса болмок.
+4
Suzak12
2018-06-23 16:11:32
Эх жердештерим менин кандай абалда турганынарды тушунуп турам лучше автобус жалдабапсынарда.Эмнеге азыр эс алганга мумкун эмеспи?Бизде окуучуларды ташый турган автобус барбы атайын даярдалган?
0
Jelezo
2018-06-23 16:42:18
Жөн койсо зордуктап кетти эмнеге кармабайт дейсиңер
+5
Nanei
2018-06-23 16:52:57
Туура ызы чуу салып ыскытып айдап отушот балдар,анан бир нерсе болсо ата эне эмес мугалимдер пкуноолуу болуп чыгышат. Ата энелер,тартип бузган балдар суттон ак болуп чыга келишет
+6
madina.87
2018-06-23 16:55:33
ырас кыласынар кармап.Аякка баргандан кийин өздөрүн өздөру билип, өтүктөрүн төргө илишмек
+8
Nanei
2018-06-23 16:57:43
Сафаровка дебей озгортсо болбойбу айылдын атын???
0
rejepova
2018-06-23 21:38:26
Nanei,бизде андай айылдар коп, Благовещенка, Гавриловка, Винсовхоз,Михайловка ж.б. Ар улуттун окулдору жашап келген айылдар илгертен эле.
0
States
2018-06-23 22:21:03
Ойлоптурмун Колбаевди кармашкан экен деп
-1
Hacker99
2018-06-23 22:59:31
Бутуруучулук кун кайра-кайра келет да э ошого смело тыюу салып коюшту. Бул мыйзамдыы колдогондор озунор мурда сонун бутуруп алгансынар же мындай кыла албаганынарга ичинер куйуп жатат э?
+1
Spartak16
2018-06-24 04:04:49
Hacker99,Ой жүгүртүүн өтө төмөн денгээлде экен тууганым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан