Дубайда өтүп жаткан менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз окуучулары байгелүү орундарды ээлешти

Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада Кыргыз окуучулары байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуучулардын жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, Дубайда өтүп жаткан менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага Нарын облусунун Кочкор районунан жалпы 10 окуучу барган.

"Райондон барган окуучулар эң алдыңкы орундарды багындырып Кыргыздын желегин желбиретип келишти. Келечек билимдүү жаштардын колунда, ошол себептен ар бирибиз жаштардын сапаттуу билим алышына шарт түзүп берүүбүз керек", - деп билдирди жеңүүчүлөрдүн жакындары.

Супер чемпион аталгандар:

1. Айым Муканбетова
2. Аида Асанова

Чемпион:
1. Акмарал Рысбекова

1-орун:
1. Аяна Шайлообекова

2-орун:
1. Мухаммедали Кулчороев
2. Бакытбек уулу Ынтымак
3. Арууке Турганалиева

Активдүү катышкандыгы үчүн ардактуу медаль алгандар:
1. Айзада Жумабекова
2. Бегимай Самансурова
3. Сезимай Асанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn2015
2018-06-24 15:16:43
Азаматсынар, окууларынарга ийгилик!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан