Бишкек-Ош унаа жолунда газ ташуучу унаа кулап, жолду тосуп калды

Бүгүн, 24-июнда Бишкек-Ош унаа жолунун 410-чакырымында газ ташуучу унаа оодарылып жолду тосуп калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда окуя эртең мененки саат 08:00дөр чамасында Таш-Көмүр шаарына жакын жерде Беке-Чал аймагында катталган.

"Учурда оодарылган унааны тургузуп, жолду ачуу үчүн Кара-Көл ГЭСинин кранын алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларында эки тараптан блок посттор коюлуп унаалар убактылуу токтотулуп турат. Саат 16:00гө чейин жол ачылат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sabette
2018-06-24 14:06:28
ГЭСтин краныда жок болгондо эмне болот билбейм!!?
0
almanbetperm
2018-06-24 16:04:44
МЧСтин бир да техникасы жок, миллиондогон акчалар кайда кетип атканын текшерген адам жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан