
Бүгүн, 24-июнда саясатчы
Улукбек Кочкоров 44 жашка толду.
SUPER.KG порталы аны туулган күнү менен куттуктоо максатында байланышка чыкканда терең ыраазычылык билдирип, бул күндү ким менен белгилей турганын айтты.
"Туулган күнүмдү үй-бүлөм, жакындарым менен өткөрөйүн деп ниет кылып жатам", - деди Кочкоров.
Ал 1974-жылы Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган. Атасы Тойчубай Кочкоров Баткен районундагы айыл-чарба башкармалыгында башкы инженер болуп эмгектенген. Ал эми апасы Багниса Абиламитова эсепчи болуп иштеген.

1995-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуп, “финансы жана кредит” адистигине ээ болгон. Ал эми 2003-жылы ошол эле окуу жайдын юридика факультетин бүтүргөн. 1997-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын окуусунан өткөн. 2001-жылы Орусия федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясынан билимин жогорулаткан.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1995-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук финансы бөлүмүнүн бюджет боюнча жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Финансы жана экономика министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген. 1997-жылдан баштап Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында катардагы кызматкер болуп иштеп баштап, бөлүм башчылыкка чейин жеткен. Ал мекемеде көбүнчө экономикалык коопсуздук тармагын тескеген. 10 жылдан ашык атайын кызматта эмгектенип, кийин Мамлекеттик салык кызматында башкармалыктын башчысы болуп эмгек жолун улаган.

2010-жылдын октябрь айында "Ата журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2017-жылдан баштап азыркы кезге чейин "Жаңы доор" партиясынын лидери. Былтыр болуп өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, 0,5 пайызга, тагыраагы, 8 миңден ашуун добушка ээ болгон.
Жубайы Шайыргүл Латипова дарыгер. Экөө учурда 5 баланы тарбиялап, өстүрүшүүдө.