Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде калктын ден соолугун коргоо жана 2019-2030-жылдарга саламаттыкты сактоо системин өнүктүрүү боюнча программасынын долбоору каралат.
Маалыматка ылайык, баяндаманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жасайт.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынынын күн тартибине 16 маселе коюлган. Анда "Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында курман болушкан Кыргыз жоокерлердин сөөгүн көмүлгөн жеринен Кыргыз мамлекетинин аймагына кайра көмүү боюнча чаралар жөнүндө" токтом каралат. Ошондой эле "Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланат.