Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуу өтөт.
Маалыматка ылайык, жыйында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети аталган мыйзамдын аткарылышын талкуулайт. "Бүгүнкү күндө аталган мыйзамдын ченемдери өлкөнүн аймактарында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан толук кандуу аткарылышы камсыз кылынбай жаткандыгына байланыштуу бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө маселеси парламенттик угууга алынып чыгууда", - деп жазылат маалыматта.