ИИМ: "Бүтүрүү кечелеринде одоно мыйзам бузуулар катталган жок"

Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарында бүтүрүү кечелери аяктап, одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, тартипти сактоо жана мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн министрлик атайын кызматтык топ түзгөн. Ага ылайык, бүтүрүү кечелери орун алган жерлерде укук коргоо кызматкерлери тартипти көзөмөлгө салып турган. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы, окуу жайдын администрациясы жана ата-энелер комитети дагы көмөк көрсөткөн.

"Коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн миңге чукул укук коргоо кызматкерлери тартылган. Натыйжада жол кыймылынын эрежесин бузгандар - 5673, алкоголдук ичимдик ичип алып унаа башкаргандар - 117, алдоо жолу менен унаа айдап чыккандар - 9, айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар - 1 жана башка ар кандай тартип бузуулар боюнча 5546 фактысы катталган. Ал эми 256 унаа айып аянтчасына токтотулган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан