Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйыны кворум жок өтпөй калды.
Жыйын саат 10:00дө башталмак, бирок бир гана Алмасбек Акматов жана өкмөттүн өкүлдөрү келишти.
Күн тартип боюнча 3 маселе талкууланмак. "Кооперативдер жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору, "2018-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө" токтому каралмак.
Акматов депутаттардын каникулга чыгардын алдында иши көп болуп жатканын айтты.
Эске салсак, аталган комитетте 6 депутат бар. Алар: Айтмамат Назаров, Алмасбек Акматов, Рада Туманбаева, Мухтарбек Айнакулов, Асылбек Жээнбеков, Абылкайыр Узакбаев.