Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышын контролдоо боюнча парламенттик угуу өтүүдө.
Аталган мыйзамдын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартибин аныктоо, тактоо. Коомдук угууга депутаттар, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.