Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өлкөдө 5 миңге жакын кооптуу аймак бар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-июнда парламенттин комитетинин жыйынында билдирди.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев учурда коопсуз аймакта жашап жаткан канча айыл бар экенин сурады. "Алардын тобокелчилигин алдын алуу үчүн өкмөттөн канча каражат керек?" - деген суроосун узатты Казакбаев.
Министрдин айтымында, 5 миңден ашык кооптуу аймак бар. "Анын ичинде адам жашабаган жайыт жерлер бар. Бүгүнкү күндө кооптуу аймактан 5 686 адам көчүрүлүшү керек. Жер көчкү алдында кооптуу аймакта 4 618, селдин астында жашаган 407, башка кооптуу аймакта жашаган 283 адам бар. Анын ичинен 2 773 жаран жер тилкесин, акча каражатын алган. Ал эми 2 913 адамга мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилген эмес", - деди министр.
Ошону менен катар эле Мирзахмедов кооптуу аймактарды аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүүгө 1 миллион 240 миң сом каралганын айтты.
Руслан Казакбаев: "5 686 адам кооптуу жерде жашаганы аныкталган деп жатасыз, Билим берүү жана илим министрлиги айткандай, 155 мектеп кооптуу абалда турат. Дагы кандай мониторинг керек? Бардык кооптуу жерлер белгилүү болуп турат. Мониторинг жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок", - деди ал.
Министр мониторинг жүргүзүүгө жабдуу алына турганын айтты.
Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Өлкөдөгү табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" каржылоо тууралуу макулдашуу долбоору каралып жатат.