"Айыл өкмөттөрдүн 80 пайызы дотацияда отурат" деп бүгүн, 25-июнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселесине арналган парламенттик угууда депутат Кенжебек Бокоев айтты.
Анын айтымында, жыл сайын мамлекеттик бюджеттин 11 пайызы жергиликтүү бюджетке берилет.
"Жергиликтүү бюджеттин жарымы билим берүүгө кетип жатат. Мисалы, Эстонияда "мамлекеттик бюджеттин 25 пайыздан кем эмес каражат жергиликтүү бюджетке берилиш керек" деген талап бар экен. Бизде болсо 11 пайыздан көтөрүлбөй турат. Айылдык клубдар, китепканалардын бардык чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Маданият министрлиги эмне үчүн аларды карабайт? Маданият шаарларга эле керекпи? Билим берүү министрлиги жана Маданият министрлиги аларга тийиштүү болгон элеттеги маселелерге жооп берсин. Билим берүү - мамлекеттин милдети. Жергиликтүү бийликке таштап койбошубуз керек”, - деди Бокоев.