"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Айыл өкмөт башчысы: "Тоңдун Тогуз-Булак айылында таза суу көйгөйү жок"

Буга чейин SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” бөлүмүнө окурман: “Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тогуз-Булак айылында ичүүчү суу маселеси төрт жылдан бери чечилбей жатат", - деп кабарлаган. Ошондой эле окурман айылга ичүүчү сууну киргизүүгө өкмөттөн 11 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалаган.

Бул маселе боюнча Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Алиевге кайрылганыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди: “2014-жылдагы жер титирөөдөн кийин таза суу системи толугу менен жаңыланып, 2 жолу атайын комиссиянын текшерүүсүнөн канааттандырарлык деген баа алган. Тогуз-Булак айылында учурда таза суу көйгөйү жок. Суу эч кандай үзгүлтүккө учурабай берилип жатат.

Быйыл кышта катуу сууктан улам суу тазалоочу аппарат иштен чыгып, ал оңдолгуча эл таптакыр суусуз калбасын деп фильтрсиз сууну коё берүүгө аргасыз болгонбуз. Ошондо айрымдары сүрөткө тартып алышкан экен, ошону азыркы көйгөй катары жөнөтүп жатышат. Ал эми көчөлөрдөгү суу чыкчу колонкаларды атайын алмаштырган эмеспиз. Анткени келечекте сууну ар бир үйгө алып кирүү планыбыз бар.

Айылда айыл өкмөттүн ишине атаандаштык кылып жүргөндөр бар, мен ошолордун аракети деп түшүндүм”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nursultan17
2018-06-25 11:33:23
Кыргызстанда суу кенири деп ким айтат колубузда турган нерсени туура колдоно албайбыз озбекстанга бекер эле агып кетип жататкооо
+2
aiymjan7
2018-06-25 13:20:35
nursultan17, ошо сууну тартырып келгенге болунгон акчаларды ортодон жээп коюп атышбайбы. Эл не дейт деген корсоттудогуу Жетибулаковго окшогондор.
+2
nursultan17
2018-06-25 13:46:08
aiymjan7,
+1
aiymjan7
2018-06-25 12:41:33
таза суусу жок, эл ылай аралашкан сууну ичип журот. барып текшеришсин айыл окмот башчылары наглый болушат экен, таптаза алдаганды билишет. Элет жерлери коррупция жоюлмайын онолбойт. Окунучтуу, айылдан баштап коррупция ((
+1
Nanei
2018-06-25 14:49:26
/фотодон эле корунуп туратко кандай эле койгой жок экенин. Айыл окмоттун ХХХХХХХХХХХ болуп калыптыр. 11миллионго колонканы алмаштврмак Тургай ар бир уйго суу киргизсе болмок. Эми баардык нерсени отуп кеткен кыш суугуна шылтай Берели. Анча болду Сапар Исаков куноолу деп койбоптур айыл окмот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан