Айыл өкмөт башчылары менен акимдер салык аз жыйналганы үчүн сөгүш албашы керек. Мындай пикирин бүгүн, 25-июнда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жогорулатуу маселесине арналган парламенттик угууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Депутаттар жана парламенттик угуунун катышуучулары акимдер көп учурда өздөрүнө тиешеси жок иштерге жооп берип калып жатканын билдиришти.
Коомдук ишмер Рита Карасартованын айтымында, салык чогултуу тармагында жергиликтүү бийликке тийиштүү бир топ маселе бар.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: “Салык пландагыдай чогулбагандыгы үчүн айыл өкмөткө сөгүш жарыялоо туура эмес. Алар каршы турса болот. Учурда 453 айыл өкмөттүн 82 пайызы чынында эле дотацияда отурат. Бул жерде көп маселе бар. Мен аймактарды өнүктүрүү боюнча экинчи топту жетектеп жатам. Бул мыйзам 5 жылдан бери аткарылбай турган экен. Силер менен биргеликте ушул көйгөйлөрдү чечүүгө даярбыз”, - деди.