Быйыл 82 өзгөчө кырдаал катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов билдирди.
Анын айтымында, быйыл өзгөчө кырдаалдан бюджетке 1 миллиард 126 миллион сом чыгым келтирилген. "2017-жылы 290 өзгөчө кырдаал катталып, андан 100 жаран каза болгон. Бүгүнкү күндө 82 өзгөчө кырдаал катталып, 7 адам каза болду", - деди министр.
Ошондой эле былтыр жер көчкү, жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн турак жайлар курулуп бүткөнүн кошумчалады. "Кээ бир жерлерде суу киргизүү жана башка маселелер бар. Бул маселени жергиликтүү бийлик чечет", - деди министр.
Айта кетсек, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында "Өлкөдөгү табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" боюнча макулдашуу долбоору каралып жатат.