Парламентте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан бөлүнгөн каражатка өлкөдөгү кооптуу абалда турган мектептер оңдолору айтылды

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында өлкөдөгү табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу боюнча макулдашуу долбоору каралып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу үчүн Кыргыз мамлекетине 20 миллион доллар бөлө турганын айтты. Ал билдиргендей, бөлүнгөн каражат кооптуу абалда турган мектептерди, бала бакчаларды оңдоого жумшалат.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов кооптуу абалда турган мектептерде оңдой турган эч нерсе жок экенин айтып, жаңы мектептер курулушу керектигин белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү билдиргендей, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. “Биз кечээ Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолуктук. Министрлик тараптан мектептерди оңдоонун ордуна жаңы мектеп куруу боюнча сунуш болду. Дүйнөлүк стандартка жооп берген 10 мектеп курууну сунуштадык. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү бул маселени карап чыга тургандыгын айтышты”, - дейт министрликтин өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан