Өлкө аймагында 5 ай аралыгында 32 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын ичинен 20сы эркектер, төртөө аялдар, ал эми 8и балдар. Күтүлбөгөн кайгылуу кырсыктын алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө төмөнкү эрежелерди сактоону сунуш кылат:
* Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт. Эгер сиз үшүп, денеңиздин калчылдаганын сезген болсоңуз дароо суудан чыгып, жээкти бойлой кыска, бирок ылдам чуркаңыз.
* Сууга түшүүнүн узактыгы абанын жана суунун температурасынан, нымдуулуктан жана шамалдын күчүнөн көз каранды. Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт – ачык, шамалы жок, +25°C жана андан жогорку температурадагы аба ырайы. Ошондой эле сууга түшүүнү 18°Cдан баштаса болот.
Суунун температурасы, °C |
Сууга түшүү убактысы |
+18°C |
6-8 мүнөт |
+20°C |
10-12 мүнөт |
+20°Cдан жогору болгон аба ырайында |
15 мүнөткө чейин сууга түшсө болот. |
Эсиңиздерде болсун:
— тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
— кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
— күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
— үйлөмө матрастарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
— көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Эгер сиз кайыкта болсоңуз:
— кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаңыз;
— мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;
— сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка отурбаңыз;
— караңгы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбоңуз.
Эгер сиз:
— чарчап турсаңыз;
— күн өтүп кеткен болсо;
— ачкарын болсоңуз;
— суусап турган болсоңуз;
— ооруп айыккандан кийинки, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда болсоңуз сууга түшүүдөн баш тартканыңыз оң.
- Сууга чөгө баштаганда чочулабай, акыл токтотуп, шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылуу натыйжалуу болот.
Кырсыктын себептери кайсылар?
Үшүп калуу, ичиркенүү
Ачык суу айлампаларында 15°Cдан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат, анткени бул муздактан, ичиркенүүдөн адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар болушу мүмкүн.
Ысык уруу
Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып дене табы +40…+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот.
Жабырлануучунун кийимин жеңилдетип, эркин дем алуусуна шарт түзүп, бетине жана төшүнө муздак компресс коюу керек.
Биринчи жардам көрсөтүү
Жабырлануучу суудан чыккандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек.
Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин, анын абалын баамдайбыз.
Эгер жабыркаган адам аң-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат.
Эгер сууга чөккөн адамды бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек.
Убакытты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек. Жабырлануучуну чечиндирип, оозу — мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы жана башка) коюп, өпкөгө жасалма дем алдырууну баштоо керек.
Анык чөгүп кеткенде, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басышат (10-15 секунд аралыгында) андан кийин аны чалкасынан жаткырышат.
Эгер жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек:
— колдордун жардамы менен, астыңкы жаакка колду коюп ачуу;
— санитардык сумкадагы кеңейткичтин же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсенин (кашык, таякча) жардамы менен.
Кээ бир учурда жаакка жасалган жигердүү массаж да оозду ачууга өбөлгө болот. Жабыркаган адамдын ооз көңдөйүн жана мурдун тазалап алгандан кийин, карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек.
Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин дагы, жандандыруу иш-аракеттерин улантуу кажет. Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын убактылуу дем алуу кыймылдарынын калыбына келиши, анын өпкөсүнүн иштеши толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт. Ошондуктан жабыркаган адамдын сезими жок болот же өпкөсү жабыркайт. Мындай учурда дем алуунун ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл.
Жардамды тез аранын ичинде, үзгүлтүксүз, ырааттуу, тартиби менен көрсөтүү керектигин унутпоо зарыл.
Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу, анын температурасынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач досканын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек.
Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да, (уксус, нашатырь спирти) колдонсо болот.
Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш.
Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт.
Бардык куткаруучу жабдуулар эл көп түшкөн аймактагы щитте жайгашышы керек.
Кокус кырсык болуп жаныңыздагы адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.
Эгер сиз эс алууга бир нече баланы баштап бара турган болсоңуз:
* Пляждын аймагында медициналык пункт жана күндөн калкалоочу жайлар курулушу керек.
* Пляжды ачууга куткаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн атайын комиссиянын текшерүүсүнөн кийин гана уруксат берилет.
* Балдардын сууга түшүү учурундагы коопсуздугунун жоопкерчилиги сууда сүзүү жана куткаруу боюнча инспекторго дагы жүктөлөт.
* Балдарды сууга 10 мүнөттөн түшүрүп, суудан чыккан соң катарга тургузуп, бирден жоктоп чыгуу күзөтчү-тарбиячынын милдети.
* Сууда сүзгөндү билбеген балдарга ден соолукту чыңдоо лагеринин же балдар мекемелеринин жетекчилери өзүнчө машыгуу жүргүзүү керек.
* Кырсыкты болтурбоо үчүн балдарга сууда өзүн алып жүрүү эрежелерин жана оор кырдаалдарда эмне кылуу керек экендигин түшүндүрүү керек.
Жай мезгилинде жагымдуу эс алып, бөөдө кырсыктардан сак болуңуздар!