Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаев "Кыргыз мамлекетиндеги ЕАЭБ казынасындагы үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк барбы?" деп экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевден сурады.
Автандил Алыбаев Кыргыз мамлекетинин үлүшүн көбөйтүүгө азырынча мүмкүнчүлүк жок экенин айтты. Ал азыркы өлчөмдү кармап туруу багытында аракеттер жасалып жатканын билдирди.
КСДП фракциясынан депутат Улан Примов комитеттин жыйынына министр Олег Панкратов өзү келбегенине нааразы болду. "ЕАЭБ тууралуу маселе талкууланганда министр жыйынга өзү катышуусу керек", - деди Примов.
Алыбаев Панкратов башка жыйынга катышып жатканын эскертти.
Жыйынтыгында Бюджет жана финансы боюнча комитети ЕАЭБге Кыргыз мамлекетинин кошулуусу тууралуу келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.