Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү 2 жаранга издөө жарыялайт.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан жарандардын бири Ким Константин Викторович борбордогу мейманканалардан ижарага бөлмө алып, башка бөлмөдө жашагандардын буюмдарын уурдап жүргөн. Ал эми экинчи жаран кымбат баадагы велосипеддерди уурдайт. Эгерде ушул адамдардан жабыр тарткандар же аларды көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерге байланышыңыздар.
Байланыш номерлери: 0500 222 392; 0755 719 711.