Сайдулла Нышанов депутаттар баш тарткан кызматтык автоунааларды кимдер айдап жүрүшкөнүн сурады

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов депутаттар баш тарткан кызматтык автоунааларды кимдер айдап жүргөнүн сурады.

"Депутаттар кызматтык автоунаалардан баш тартса миллион сом үнөмдөлө турганы айтылды эле. Биз унаалардан баш тарттык үнөмдөө болгон жок. Биз элди алдадык. Автоунааларды жекшемби күндөрү айдап жүрүшөт. Кимдер айдап жүрүшөт?" - деп сурады Нышанов.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары учурда 53 автоунаа колдонулуп жатканын айтты. "Жалпы 64 автоунаа бар. Анын 53ү колдонулат. Унаалар көзөмөлдүн негизинде гана колдонулат", - деди Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2018-06-26 15:15:23
Кыйраттынар. Баягы эле таз кейпибиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан