Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин комитети Маданият-Жалал-Абад жолун оңдоо боюнча насыялык макулдашуу долбоорун жактырды

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Маданият-Жалал-Абад жолун оңдоо боюнча насыялык макулдашуу долбоорун жактырды.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, Евразия өнүктүрүү банкы Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында Маданият-Жалал-Абад жолун оңдоо үчүн 20 жылдык мөөнөт менен 60 миллион доллар көлөмүндө каражат бөлөт. Насыя үстөгү 1 пайыз, жеӊилдетилген мөөнөт 8 жыл. "Аталган жолдун курулушу боюнча өткөрүлгөн тендерде Азербайжандын "АзВирт" компаниясы жеӊип чыккан. Ал жол курулушуна 51 миллион 662 миӊ доллар сураган. Жол 36 айда курулуп бүтүүгө тийиш. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жол курулушун создуктуруу айыбынын өлчөмү 19 пайызга белгиленди" - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nokia
2018-06-25 13:51:07
Айланайыын 36 айда курулуп бутот дейби.3 жылда Ош Бишкек жолун куруп бутсо болотко.
0
Snejana
2018-06-25 13:56:26
Олдуууууу..., олду. Кытайдын кредитин толой албай, элдер акча чогултуп атса, дагы насыя дейби? Боло береби? Журокту ыйлатасынар го.
+2
ARZUU1989
2018-06-25 13:57:19
Кайсы жердеги Маданият ким билет
0
muni.98-98
2018-06-25 15:51:44
ARZUU1989,Жалал-Абад облусундагы Маданият
0
dair_17
2018-06-26 00:10:07
ARZUU1989, Ноокен районунун аймагынан Жалал-Абад шаарына чейинки аралык
0
dair_17
2018-06-26 00:13:21
Тезирээк ондолсо жакшы болмок, айдоочулар жолдордогу чункурлардан качышып,автокырсыктар кобойуп кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан