Бүгүн, 25-июнда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым аймактарда катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 2 саат аралыгында жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы күтүлөт", - деп жазылат маалыматта.