Биз социалдык тармакта

Депутат министрге: "Өлкөдө дары чөптөр толтура, бирок 97 пайыз дары-дармек сырттан алып келинет"

"Өлкөдө медицинанын абалы начарлады. Дүйнөлүк рейтингде да артка кеттик", - деп депутат Каныбек Иманалиев саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылды.

"Кургак учук боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунга чыктык. 97 пайыз дарыны чет өлкөдөн сатып алып келебиз. Болбосо бизде дары чөптөр толтура. ОшМУнун ректору окуу жайынан ким докторлукту жактаса, 100 миң сом берет экен. Эмнеге ошол ишти силер да кылбайсыңар? Эгер өлкөдө Бонецкий менен ЮРФА лабораториясы жок болсо медициналык коллапс пайда болот", - деди Иманалиев.

Министр Чолпонбаев аталган кызматка келгенине эми гана 2 ай болгонун айтып, кемчиликтерди жоюуга сөз берди.

Учурда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети саламаттыкты сактоо системин 2019-2030-жылдарга карата өнүктүрүү боюнча программасын талкуулоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Yasmina87
2018-06-25 23:02:35
Ошол даары чопторду иштеп чыгара турган завод лабораторияларды куруп койуп айтса жарашмак,ар жакта мигрант болуп журбой биз деле оз мекенибизде иштегибиз келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан