Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. SUPER.KG порталынын 6 ай аралыгында аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалды деген соболуна "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиева жооп берди.
Ал 2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганы менен эч кандай өзгөрүү жана өнүгүү көрбөгөнүн айтты.
"Өлкөнүн борбору Бишкек шаарында өнүгүү болбой жатса, анан аймактарда өнүгүү болмок беле? Өнүгүү, өзгөрүү жок. Баарысы мурдагы бойдон турат. Жер маселеси боюнча мыйзамсыз иштер болуп жатат. Көпчүлүк аймактар дотацияда отурушат. Дотация боюнча чара көрүлүшү керек болчу. Эч кандай чара көрүлгөн жок", - деди Өмүралиева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Исмаилова, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, укук коргоочу Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.