Орусияда өрттөн каза болгон кыргыз келиндин аяшы: "Досубуздун мындай ишке барышына ишене албай жатабыз"

Орусиянын Киров районундагы Шлиссельбург шаарында өрттөнүп кеткен кыргыз келиндин күйөөсүнүн досу Кубан Карыпов SUPER.KG порталына окуя боюнча буларды билдирди.

Анын айтымында, бул үй-бүлө ынтымактуу жашачу.

"Досубуз менен аяшыбыздын жашоосу жакшы болуп, ынтымакта жашашчу. Көптөн бери акча чогултуп, үй алабыз деп жүрүшкөн. Досубузду Киров районундагылардын баары тааныйт. Себеби ал тоок фабрикасында иштеген жакшы кызматкерлерден болгондуктан, 200гө жакын Кыргыз мекендештерин жумушка орноштурган, өзү адамгерчиликтүү. Ичимдикти болсо тойлордо гана ичип койчу. Окуя болгон күнү алар кайын журтуна шерине өткөрүп беришкен. Андан келип бул каргаша окуя болуп кетиптир. Негизи ошол күнү бүтүрүү кечеси болгондуктан бардык дүкөндөрдө ичимдик ичүүгө тыюу салынган. "Балким, ичип алып дагы да ичкиси келген кимдир бирөө деле өрттөп жибергендир" деген да божомолдор бар. Биз жолдош балабыздын мындай ишке барганына ишене албай жатабыз. Ал азыр камакта, окуяга жалгыз шектүү катары каралып жатат. Бирок алдыда дагы да териштирүү иштери бар болгондуктан, биз дагы эмне болуп кетет деп күтүп жатабыз. Өз көзүбүз менен көрбөгөндүктөн, эч нерсе айта албай жатабыз. Бүгүн аяшыбыздын сөөгүн мекенибизге алып кетүүгө сүйлөшүп келдик. 27-июнда алынып кетет", - деди Кубан Карыпов.

Эске салсак, 23-июндан 24-июнга караган түнү Орусиянын Киров районундагы Шлиссельбург шаарында кыргыз келин өрттөнүп каза болгон. Ошондой эле өрттөнгөн павильондун ичинен маркумдун кайниси оор жаракат алган абалда табылган. Ал дарыгерлерге: "Алар кирип келип эле бизге бензин куюп, андан кийин өрттөп жиберишти", - деп айткан. Бул кылмышка өрттөнүп каза болгон кыргыз келиндин күйөөсү шектелүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nevestkaa
2018-06-25 21:58:03
Аялын кайнисинен кызганганбы дейм.
+1
Aima94
2018-06-26 04:28:10
Nevestkaa,магаа да ошондой ой келди
+1
shermamat
2018-06-26 07:56:31
Кайниси билбейт бекен ким чачканын бензинди.
+1
gulanda92
2018-06-26 08:55:14
Кайниси ошо куйосунун укаси да туурабы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан