Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. SUPER.KG порталынын 6 ай аралыгында аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалды деген соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова жооп берди.
Ал Жети-Өгүз районунун айылдары тууралуу айтып берди. "Мен жалпы аймактардын өнүгүшү тууралуу айта албайм. Мага Жети-Өгүз районунун 5 айыл өкмөтүнүн эли кайрылды. "Кумтөр" алардын жайыт жерлерин казып салыптыр. Мыйзам боюнча, кен казган фирма казылган жердин айыл өкмөтүнө ижара катары каражат которуп бериши керек. Бирок 5 айыл өкмөттүн жерлери казылып, буларга эч кандай каражат бөлүнүп берилбей жатат. Айылдарда маданият үйлөрүнүн сырттары оңдолуп, ичи бузулган боюнча турат. Аталган райондун Ак-Кочкор айылынын 9-класска чейин эле окуткан мектеби бар. Бул мектепти бүткөндөн кийин балдар кошуна айылдардагы мектептерге окушу керек болот. Балдар башка айылдын мектебинде окугусу келбейт. Мындан улам кыздар эрте турмушка чыгып, эркек балдар толук билим албай калышат", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде