Жогорку Кеңештин депутаттарына жана кеңешчилерине айлык төлөө үчүн жылына 173 миллион сом жумшала турганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары парламентке жылына 786 миллион сом бөлүнө турганын айтты. Ал билдиргендей, аталган каражаттын 71 пайызы айлык акыга жумшалат.
КСДП фракциясынан депутат Улан Примов 71 пайыз каражат бир гана депутаттарга эмес, жалпы Жогорку Кеңештин кызматкерлерине жумшала турганын белгиледи. "Маалымат каражаттарында депутаттардын айлыгы тууралуу туура эмес нерселерди жазышат. 71 пайыз каражаттан жалпы парламенттин кызматкерлери айлык алышат. Ошондуктан депутаттарга айлык берүү үчүн жылына канча акча кете турганын айта кетүү зарыл", - деди Примов.
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысынын орун басарынын айтымында, бир жылда жалпы депутаттарга жана кеңешчилерине 173 миллион сом айлык акы үчүн бөлүнөт.